Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 31.05.2018 17:25

Ош облустук соту Кара-Кулжада кийик аткандар 220 миң сом айыпты төлөбөй жаткандыгы тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди

Turmush -  Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгү жоопкерлер Кара-Кулжа районунда мыйзамсыз кийик аткан А.К., А.К., Д.С. аттуу адамдарга карата берилген доо арызы Кара-Кулжа райондук соту тарабынан каралбай жаткандыгын билдирип, тийиштүү чаралардын көрүлүүсүн суранган маалымат тараткан. Аталган билдирүү боюнча Ош облустук соту төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

«Аталган доо арыз Кара-кулжа райондук сотунун 2017-жылдын 29-майындагы аныктамасы менен кайтарылган. Себеби Жарандык-процессуалдык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пунктунун талабында доо арыз юридикалык жактын атынан берилген учурда ага кол коюга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса, сот арызды доогерге кайтарат деп көрсөтүлгөн.

Ал эми жоопкерлер А.К., А.К., Д.С. карата болгон доо арыз Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетекчиси тарабынан эмес, аталган ишкананын башкы адиси А.Жунусов тарабынан берилген жана анын негизинде доогерге кайтарылган. Кара-Кулжа райондук сотунун аныктамасы Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн башкы адиси тарабынан аппеляциялык тартипте даттанылып, Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 29-августундагы аныктамасы менен ушул эле негиздер боюнча кайра доогерге кайтарылган.

Эске сала кетсек Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгү аталган иш боюнча доо арыз берүүгө ыйгарым укуктары бар кызмат адамы тарабынан доо арыз менен кайрылууга укуктуу», - деп айтылат Ош облустук сотунун маалыматында.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 28-майда Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин түштүк аймагы боюнча аңчы ыкчам топтун башчысы Төлөнбай Каримов Кара-Кулжа районунда кийиктерди мыйзамсыз аткан тургундарга салынган 220 миң сом айып 2 жылдан бери төлөнбөй жаткандыгын билдирген.

Анын айтымында, 2016-жылдын 20-августунда Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор аймагынын 3 тургуну Балык-Суу жайлоосунан 4 баш тоо текени мыйзамсыз атып, аларга 220 миң сом айып салынган.

«Алар кармалган учурда кийиктерди 2001-жылы жайлоодон атып алышканын, кийин атылган кийиктер менен сүрөткө түшүп, сүрөт интернетке тарап кеткендигин айтышып, түшүнүк кат жазышкан. Кийиктердин эти менен тамактанганын мойнуна алышып, протокол түзүлгөн. Бирок мамлекетке келтирилген 220 миң сомдук зыянды бүгүнкү күнгө чейин төлөп берише элек. Тактап айтканда, ар бир кийикке 55 миң сомдон төлөө буйругу аткарылбай жатат. Биз кийик аткандардын артынан түшүп, алардын интернетке тараган сүрөтүнөн таап чыкканбыз. Кара-Кулжа райондук прокуратурага, сотко бир канча жолу кайрылдык, бирок алар чара көргөн жок. Алар кийиктерди 2015-жылы эле атышкан. Ага карабай 2001-жылы атылды деп бизди алдап, доодон да баш тартууну көздөп жатышат. Бул жагдайга жогорку бийликтен чара көрүүнү суранабыз», - деген Каримов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×