Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Тоготой айылынын эли алгачкы жолу таза суу менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Кечээ, 31-майда Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Тоготой айылында алгачкы жолу таза суу курулмалары колдонууга берилди.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, иш-чарага вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу өкүлү Болормаа Амгаабазар, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана агындылоону өнүктүрүү боюнча департаменттин директорунун орун басары Юлчубай Мырзакаримов баштаган бир катар жетекчилер катышты.

Аталган айылдагы жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу үчүн жалпы 21 млн 827 миң 254 сом бөлүнгөн. Бул каражатка айылдагы 353 кожолукка сууну индивидуалдуу жеткирүү менен бирге суу өлчөөчү жабдуусу кошо орнотулду. Мындан тышкары социалдык объектилер таза суу системасына кошулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3646
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×