Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Балдарды коргоо күнү: Ошто ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-июнда Ош шаарындагы кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда 87 баланын катышуусунда «Балдар биздин планетанын келечеги» аттуу иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган борбордун жетекчиси Зарифа Акматованын айтымында, 87 баланын 60%ы шал оорусу менен жабыркайт. 1-июнь — Балдарды коргоо күнү жогорку деңгээлде белгиленип жатат. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов куттуктап, белектерди тапшырышты.

Майрамдык иш-чарага Адилет Төрөмамат уулу «Кыргызстаным» аталышындагы ырды даярдап келген. «Мен бул майрамды аябай күтөм. Учурда 21 жаштамын, ырдаганды абдан жакшы көрөм. Эч качан балдар оорубасын. Жаратканым балдарга шыпаасын берсин», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 996
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×