Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Ош облустук балдар ооруканасындагы балдарга майрамдык иш-чара уюштурушту (фото)

Turmush -  Ош облустук балдар ооруканасынын онкология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдарга майрамдык салтанат уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Президенттин аппаратынан келген өкүл Миргүл Абилова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчы облустук балдар ооруканасынын суранычы менен тиричилик техникасын белекке берди. Андан кийин оорукананын жетекчилиги балдарга арнап уюштурган концерттик программа тартууланды. Ошондой эле «Келечек» чыгармачылык борборундагы балдар куурчак театрында жомок аткарып беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 648
Көп окулду
×