Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 01.06.2018 16:31

4-5-июнда Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Turmush -  Ош шаарынын 17 көчөсүндө 4-5-июнь күндөрү саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Ош электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, өчүрүүлөр күз-кыш мезгилине карата даярдыктарга байланыштуу.

- 4-июнь күнү калаанын Достук аймактык кеңешинин Ленин, Курманжан датка, Сүйүнбаев, 215-көчө Геолог, Ибраимов, Лермантов, Горкий, Вишнёвый, Хахлов, Ашхабат, Мизами жана Примов көчөлөрүндө;

- 5-июнь күнү Курманжан датка аймактык кеңешиндеги Кургак учукка каршы балдар оруканасынын айланасындагы Н.Исанов жана Ташкент көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×