Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 02.06.2018 10:29

Кара-Сууда 2 унаа кагышып, айдоочунун жубайы жаракат алды

Turmush -  31-майда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 2 унаа кагышып, жүргүнчү ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Бостон айылынын 1971-жылы туулган тургуну А.Э. өзүнүн «Лексус RХ330» үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, Ош шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Б.Т. башкаруусундагы «Опель Вектра» унаасы менен кагышкан. Натыйжада «Опель Вектра» унаасынын айдоочусунун 1975-жылы туулган жубайы Д.Ж. жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда аталган кырсык боюнча тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×