Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Сууда Балдарды коргоо күнүндө 12 жаштагы кызды унаа уруп кетти

Turmush -  Кечээ, 1-июнда Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында 12 жаштагы кызды унаа уруп кетип оорканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 18:00 чамасында болгон. Анда 2006-жылы туулган Р.Х. жол боюнда ойноп жатып жолго чуркап чыккан кезде ошол айыл аймактын тургуну «Хендай Старекс» үлгүсүндөгү унаа менен койдуруп кеткен. Кыз жаракат алып, Ош облустук клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнө жеткирилген. Учурда аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан териштирүү иштери уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Көп окулду
×