Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Айыл турмушу: Ийри-суулук орус тилчи мугалим окуучуларга кол өнөрчүлүктү кошо үйрөтөт (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Шайыргүл Курманбекова орус тилчи мугалим болгонуна карабай, окуучуларга түстүү кагаздан түрдүү сувенирлерди жасаганды үйрөтүп келет. Өзгөчө кооздуктагы буюмдарды жасоого көп убакыт талап кылына турганын мугалим аймактык кабарчыга билдирген.

«Биз 3 жыл мурун айылга көчүп келгенбиз. Ага чейин Бишкек шаарында жашап жүрдүк. Кагаз менен иштөөнү кызымды окууга алып барганда көрүп калып, үйрөнүп алдым. Менин эң чоң жардамчым — интернет. Интернеттен жасоо жолдорун, көп убакытка чейин чачылбагандай кылып сактап коюунун ыкмаларын үйрөнүп чыктым. Азыр айылда бул өнөрдү кагаз менен иштегенге кызыккан окуучуларга үйрөтүп жатам», - деди ал.

Шайыргүл айым учурда К.Ботояров мектебинде орус тилинен сабак берет.

«Кесибим боюнча орус тилчи мугалиммин. Мындан сырткары чыгармачылык менен иштегенди жакшы көрөм. Кагаз менен иштөө үйрөнгөн, кызыккан адамга жеңил. Биз бир актай баракты 16, 32, 64 жолу бөлүп, бүктөп чыгабыз. Сувенирдин көлөмүнө жараша кагаз керектелет.

Мен бир карапа жасагам. Ага жалпы 30 актай барак керектелди. Биз 30 баракты миңге бөлүп бүктөп чыктык. Бүктөлгөн кагазды модуль деп атайбыз. Эгер модулдары даяр болсо, сувенирди бат эле жасап коюуга болот. Учурда бизде түстүү кагаздарды табуу кыйын. Мындан улам Бишкектен буйрутма менен алдырабыз. Азыр окуучуларым дагы кызыгып, атаандашуу менен кооз сувенирлерди жасап жатышат. Кагаздар чачылып кетпеши үчүн ар бирин клей менен жармаштырып чыгабыз», - деди ал.

Шайыргүл айым 45 жашта, 2 баланын апасы. Ал жасаган буюмдарын жакын адамдарына белекке берет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1472
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×