Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 04.06.2018 13:14 Жаңыланды: 04.06.2018 13:47 На русском

«Уулум, жок дегенде Рамазанда арак ичпе»: Оштун тургуну өз атасын бычактады

Turmush -  Ош шаарынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнѳ 3-июнда саат 16:25 чамасында Ленинград кѳчѳсүндө ата-баланын ортосунда чыр чыкканы тууралуу кабар түшкѳн. Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуяны тактоо үчүн аймактык инспектор Жеңишбек Назирбаев жѳнѳтүлгѳн болчу.

Аймактык инспектор барган учурда үй ээсинин уулу кандын тактары бар кийимдери менен эшикке чыгып бара жаткан. Милиционер үй ээсинин 1986-жылы туулган уулу О.Б.ны кармап, аны менен үйгѳ киргенде үй ээси — 1961-жылы туулган атасы кансырап жаткан. Милиционер медициналык тез жардам кызматын көрсөтүүчү дарыгерлерди жана кесиптештерин чакырып, жабырлануучуга алгачкы жардамдар көсөтүлдү.

Тергѳѳ иштеринин алгачкы жыйынтыктарына караганда, жабырлануучу 32 жаштагы уулу алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичкендиктен: «Ичпечи балам, жок дегенде ыйык Орозо айында арак ичпе...», - деп суранган. Анын бул сѳзү мас абалдагы баласына оор тийип, ашканадагы бычак менен атасынын моюнун кесип жиберген. Мунун кесепетинен жабырлануучу ата кѳп кан жоготуп, ѳз учурунда көрсөтүлгөн жардам аркылуу өмүрү сакталып калды.

Жабырлануучунун берген кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, уулу шилтеген бычак мокок болгон. Учурда ѳз атасынын ѳмүрүнѳ кол салган шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, адам ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо айыбы боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×