Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Айыл турмушу: Сопу-коргондук сейсмолог жер титирөөгө туруштук берүүчү үй курду (фото)

Turmush -  Алайдын Сопу-Коргон айылында Европанын технологиясы менен курулган турак үй бар. Бул үйдүн ээси — 35 жаштагы Нуржалын Акматов кесиби боюнча сейсмолог. Алайда жер титирөө көп болгондуктан ага туруштук берүүчү үй курууну максат кылганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Мындай үйдүн курулушу менен Россияга иш сапары менен барган учурда таанышкан. Ал эми айылындагы үйдү курууга жубайы экөө 5 ай гана убакыт коротту.

«Бул үйдүн курулушу жеңил. Ылай, таш, кирпич колдонулбайт. Курулушу жеңил болгондуктан жубайым экөөбүз эле куруп койдук. Кышында жылуу, жайында салкын болгон бул үйгө көбүнчө жыгач пайдаланылат. Каркасы жыгачтан болсо, ортосу базальт плитасы менен толтурулат. Бизде "сынч" деп аталган курулуштагы үйлөрдүн заманбап түрү деп атасак да болот. Ал эми жер титирөөгө туруштук бере алат», - деди Н.Акматов.

Жубайлар үйдү куруу үчүн мамлекеттин ипотека кызматын пайдаланышты.

«Былтыр күздө Казакстанда чек ара жабылганда курулуш каражаттарынын баасы кымбаттап кеткен. Биз курулуш каражаттарына жалпы 1 млн 357 миң сом короттук. Ал эми усталардын эмгегин пайдалансак чыгым 2 млн сомго жакындамак. Өзүм эмеректерди жасап жүргөндүктөн үйдү куруу милдетин да өзүм алып, уста болдум. Бирок учурда ичинде майда-чүйдө оңдоп-түзөө иштери толук аяктай элек», - деп кошумчалады.

Жаңы технология менен курулган үйдү көрүүгө кызыккан айылдаштарынын аягы үзүлө элек.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9830
Көп окулду
×