Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Сууда ата-энесинен ажыраган балдарга белектерди, балмуздак таратышты (фото)

Turmush -  Кара-Сууда ата-энесинен ажыраган 100гө жакын балдарга белектер берилди. Ошондой эле бөбөктөр Кара-Суу шаарындагы бала бакчалардын тарбиялануучулары чыгармачылык менен даярдаган концертине күбө болушкан.

Балдарды райондун акими Тилек Матраимов куттуктап, белектерди тапшырып, эртеңки келечек ээлеринин жашоо шартын мындан ары да жакшыртуу иштери жүрүп жаткандыгын айтты. Майрамдык маанайга бөлөнгөн балдарды мекеме-ишканалардын жетекчилери, РИИБдин кызматкерлери да куттукташып, белектерди беришкен. Ага улай Кара-Суу шаардык мэриясы балдарды балмуздак менен коноктоду.

Кара-Суу районунда ата-энесинен ажыраган 139 бала, атасынан же энесинен ажыраган 1985 бала жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 359
Көп окулду
×