Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 05.06.2018 08:40 На русском

Жайылма айылындагы алгачкы спорт залдын курулуш иштери токтоп турат (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылында алгачкы спорт залдын курулуш иштери токтоп турат. Аталган айылда бир да спорт зал жоктугунан мектеп окуучулары кыш мезгилинде, жаан-чачын күндөрү дене тарбия сабагын класстык бөлмөлөрдө өтүп келишет.

Мектеп директору Дүйшөбай Насировдун айтымында, айыл эли, мектеп окуучулары жаңы спорт залдын пайдаланууга берилишин чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

«Биздин айылда спорт зал жок. Спорт залдын курулушу өткөн жылы башталган. Учурда дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылган бойдон турат. Кыш мезгилинде токтоп калган бойдон баштала элек.

Бизде спорт залдын жоктугунан окуучуларыбызды коңшу айылдардын спорт залдарына алып барып сабак өткөн күндөр болду. Кышкысын аргасыздан класстык бөлмөлөрдө шахмат ойноп, дене тарбия сабагын окутуп келебиз. Спорт залыбыз эртерээк бүтсө айыл жаштары, мектеп окуучулары үчүн дагы жакшы болмок», - деди Д.Насиров.

Ал эми аталган айылдын башчысы Өмүрбек Гайыповдун айтымында, спорт зал жергиликтүү компаниялардын эсебинен курулуп жатат.

«Спорт залдын тендердик баасы 13 млн сом болгон. Учурда 7 млн сом гана каралгандыктан дубалы тургузулуп, чатыры жабылды. Каражат толугу менен бөлүнсө эле бүткөрүлөт», - деди Ө.Гайыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×