Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Оштогу унаа жолдорду сел суулары каптады

Turmush -  Ош облусунун аймагындагы жаан-чачындан кийин сел жүрүп, унаа жолдорду суу каптады. Адамдар жабыркаган жок.

Алай районунда кечээ, 4-июнда жаан жаап, саат 18:00 чамасында ОшСары-ТашЭркечтам унаа жолунун 135-чакырымында (Кичи-Коргон айылы) шагыл аралаш сел жүрдү. Анын кесепетинен унаа жолду сел суусу тосуп калган, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

959 жол тейлөө ишканасынан керектүү техникалар тартылып, унаа жолду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Жол бир тараптуу ачылып, учурда кеңейтүү иштери улантылып жатат.

Ошондой эле Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, 200 метр аралыктагы суу тосмону суу жууп кетүү коркунучу жаралган. Тосмону бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, коркунуч жоюлду.

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында саат 18:30 чамасында КультцентрЧөгөмЗагар унаа жолуна тоодон шагыл аралаш сел түшүп, унаа жолду жаап калган. 21 жол тейлөө ишканасынын кызматкери тактоо иштерин жүргүздү, тазалоо иштери 5-июнь күнү башталат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 904
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×