Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ош

Оштун борбордук базарындагы өрттөн кийин жолдогу 27 контейнер, 16 майда соода түйүнү алынды

Turmush -  Ош шаарынын борбордук базарында контейнерлердин ортосундагы жолдо жайгашкан 27 контейнер, 16 майда соода түйүнү алынды. Жол өрт коопсуздугун алдын алуу максатында кеңейтилип, Ош шаардык мэриясы, Мамэкотехинспекция, өрткө каршы күрөшүү кызматтары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткан болчу.

Ал эми жолду ээлеп алган соода түйүндөрү «Келечек», «Буюм» базарларына жылдырыла турганын Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов билдирди.

Шаардагы борбордук базардын кийим-кече саткан бөлүгүндө 29-май күнү өрт чыгып, 4 контейнер күйүп кеткен. Базарда коопсуздук маселеси каралбагандыктан, өрт өчүрүүчү унаалардын киришине тоскоолдуктар жаралган эле. Кийинчерээк мэрия бул бөлүктө 300гө жакын контейнер болсо, анын ичинен 150гө жакыны мыйзамсыз жайгашканын билдирген.

«Буга чейин өрт коопсуздугу боюнча рейд өткөрүп, соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Учурда тазалоо иштери аяктоо алдында турат. Базардын ичиндеги бир катар контейнерлер, соода түйүндөрү алынды. Учурда жолдун кеңдиги 6 метрди түзүп, өрт өчүрүүчү унаалардын кирип-чыгуусуна шарт түзүлдү. Буга чейин соодагерлер контейнерлердин үстүн дагы ар кандай кездемелер, желим буюмдар менен тосуп алышкан. Алар да толук тазаланды. Учурда 27 контейнер, 16 соода түйүнү «Келечек», «Буюм» базарларына жылдырыла турган болду. Бул боюнча базар жетекчилери менен макулдашуу жүргүзүлдү», - деди Мирлан Исраилов.

Ош шаарындагы борбордук базарда 900гө жакын соода түйүндөрү бар. Алардын ичинен 700дөн ашууну чоң контейнерлер.

Айрым контейнерлердин көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер 30-майда мэриянын алдына нааразычылык билдирип чыгышкан болчу. Алар менен түштөн кийин вице-мэр Асылбек Топчубаев базарда жолугушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 598
Көп окулду
×