Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 05.06.2018 14:46

Автомобиль, суу транспорту агенттигинин директору боюнча: Кесипкөй адиске жалаа жабылып жатат, - тарапташтары (видео)

Turmush -  Транспорт министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак габариттик көзөмөл агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов боюнча Бишкектеги маалымат жыйында Байыш Нааматов бир катар айыптоолорду айткан. Бүгүн, 5-июнда АКИпресс-Ошто Ош облусундагы жана Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташыган жоопкерчилиги чектелген ишканалардын директорлору маалымат жыйынга чогулушуп, өз пикирин билдиришти.

Алардын айтымында, Анарбек Бекмуратов чыныгы адис. Ал эми Бишкектеги маалымат жыйында Байыш Нааматов анын үстүнөн курулай дооматтарды, негизсиз айыптоолорду айтканын белгилешти.

Аталган агенттикке караган «Зеро-Транс» ЖЧКсынын директору Кадыр Ашырбаев агенттиктин директору Анарбек Бекмуратов менен көп жылдардан бери иштешет. Бул жылдар аралыгында ал бир катар маршруттук каттамдар ачылганын кошумчалалды.

«Бишкектеги маалымат жыйында Б.Нааматов А.Бекмуратовдун үстүнөн бир катар айыптоолорду айтты. Ал айыптап жаткан киши эч кандай биздин чөйрөгө тиешеси жок. Сыртта эле жүргөн киши. Бирок бул сырттан кимдир бирөөнүн буйругу менен сүйлөдү деп ойлойбуз. Б.Нааматов А.Бекмуратовдун үстүнөн кылмыш иши козголгон деп айыптады. Бул иш менин билишимче башкача болчу. Анарбек Бекмуратов 2015-жылы азыркы ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна башка директор келген. Ал эми 2017-жылы А.Бекмуратов кайрадан жетекчи болуп келген. Директор болуп келгенден кийин бухгалтерди текшерип, тиешелүү органдарга кат жолдогон. Мына ушул ишти Б.Нааматов А.Бекмуратовдун үстүнөн козголгон деп жатат.

А.Бекмуратов 2014-жылы иштеп турган мезгилде казынага түшүүчү 48 млн сомдун ордуна, 112 млн сом акча төктүргөн», - деди К.Ашырбаев.

Ал эми «Ак-Тилек-Транс» ЖЧКсынын директору жогоруда айтылгандарга толугу менен кошулат.

«А.Бекмуратов чыныгы кесипкөй адис. Буга чейин ал көптөгөн маршруттук каттамдарды ачкан. Көп жылдан бери ал киши менен кошо иштешип жатабыз. Буга чейин бир да кемчилигин уккан эмесмин. Адискөй адамдын минтип айыпталып жатканына чындыгында нааразы болуп, акыйкатты айтып коюуну туура көрдүк», - деди ал.

Автомобиль, суу транспорту жана салмак габариттик көзөмөл агенттиги Транспорт жана жолдор министрлигине карайт. Бул агенттиктин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын директору болуп Эмил Умаров эмгектенип жатат.

К.Ашырбаевдин билдиргенине караганда, Ош облусу боюнча 100дөн ашуун, Ош шаары боюнча 61 эл ташуучу каттам бар. Ал эми Ош облусу жана Ош шаарындагы эл ташыган транспорттун саны 2500гө жакын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×