Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 05.06.2018 18:37 Жаңыланды: 05.06.2018 19:46

Видео, фото — Ноокатта мөндүр жаап, сел жүрдү

Turmush -  Бүгүн, 5-июнда саат 17:50 чамасында Ноокаттагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылында жаан аралаш мөндүр жаады. ӨКМдин маалыматы боюнча, болжол менен мөндүрдүн көлөмү 2-3 см жетет.

Мөндүрдүн кесепетинен мөмө-жемиштерге зыян келтирилди.

Ошондой эле жаандын кесепетинен Көтөрмө айылында Шамай каналынан суу ашып, айдоо жерлерди каптаган. ӨКМдин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жолго чыгып кетти.

Учурда Ноокаттын айылдарындагы мөндүрдүн зыяны такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×