Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 06.06.2018 09:27

Ноокаттагы мөндүр турак үйлөрдүн чатырларын талкалады

Turmush -  Ноокат районунда мөндүрдүн кесепетинен бир нече турак үйдүн чатыры жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-июнда саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан-чачын жана мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген. Мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө (алма, өрүк) зыянын тийгизген. Ошондой эле Көтөрмө айылынан өткөн Шамай селканасынан сел суулары аккан. Айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

ӨКМдин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы жерине чыгып, жааган мөндүрдүн кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн санын такташкан.

6-июнда райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарын тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×