Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 06.06.2018 10:09 На русском

Ошто өз уулунан бычакталган ата: Уулумду кечирдим (фото, видео)

Turmush -  Ош шаарынын Ленинград көчөсүндө ата-баланын ортосунда чыр чыгып, баласы атасына бычак көтөргөн. Учурда 57 жаштагы жабырлануучу М.Б. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында жатса, уулу убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүү катары каралып жаткан 32 жаштагы тургун атасына кантип бычак көтөргөнүн сезбей калганын айтып, өкүнүп жатканын билдирсе, атасы уулун кечиргенин айтууда. Шектүүнүн айтымында, чырга ичкилик себеп болгон.

«Мен ар дайым арак ичем. Үйдө ичимдик дагы турат. Ошол күнү атам дагы ичкен экен. Мен атама закуска кылып берсем, "иче турган болсоң, ичимдигиңди алып түш" деди. Мен алып келдим. Ошол жерде эле сөз чыгып, менин сөзүм атама жакпай калды окшойт, уруп кирди. Столдо бычак турган экен, аны атам колуна алып алды. Мен атамдан бычакты алайын деп жатып, кокусунан моюну кесилип кетти. Мен канды токтотууга аракет кылып жатканда участкалык милиция келип, тез жардамды чакырды. Атам деле ар дайым ичет. Кече эле атам менен сүйлөштүм. Атам "балам, башыңда ушул дагы бар экен" деп кечире тургандыгын айтты. Мен дагы атама өкүнүп жатканымды айтып, кечирим сурадым. Мен бул ишти атайлап жасабаганымды айтып, кокустук болуп кеткенин түшүндүрдүм», - деди шектүү.

Шектүү

А 45

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, шектүү жаранга адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси менен кылмыш иш козголгон.

«Тергөө кызматы тарабынан бул окуя боюнча адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси менен кылмыш иши козголду. Жабырлануучунун көрсөтмөсүнө караганда, баласы акыркы учурларда көп иче баштаган. Атасы "орозонун күнүндө ичпей жүрсөң" деп айтканы үчүн баласы өлтүрүүгө аракет жасады деп көрсөтмө берген. Тараптардын көрсөтмөлөрү териштирилип, тиешелүү тергөө иштери аяктаган соң соттук кароого жөнөтүлөт», - деди ал.

Ал эми жабырлануучу уулун кечиргенин билдирди.

«Өзүмдүн балам, мен баламды кечирем. Аны мен катуурак уруп ийдим, ал дагы сөгүп жиберди. Бул менин эң чоң уулум. Мен баламды кечирдим», - деди жабырлануучу М.Б.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн дарыгери Нурсултан Таалайбековдун айтымында, бейтаптын моюну 10 см жакын кесилген.

«Бизге 2-июнь күнү кечки саат 19:00дө келип түштү. Келгенде эле операция жасап, жараатын тиккенбиз. Жарааты терең болбогондуктан, кан тамырларга жеткен эмес. Азыр бейтаптын абалы жакшы. Тамак жеп калды. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, бир жумадан кийин үйүнө чыгарабыз», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×