Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 06.06.2018 11:33

Видео, фото - Ноокаттагы мөндүр унаалардын терезесин, үйлөрдүн чатырын талкалады

Turmush -  Ноокат районунун аймагындагы мөндүрдүн кесепеттери такталып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча кечээки мөндүрдөн автоунаалардын терезелери, турак үйлөрдүн чатырлары жана мөмө-жемиштер жабыркады.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Мариповдун айтымында, бул айыл өкмөттө 5 автоунаанын терезелери талкаланган.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, райондун аймагында кечээ, 5-июнда саат 17:45 чамасында жаан аралаш мөндүр жаап, 10 мүнөткө созулду. Болжол менен мөндүрдүн көлөмү 2-3 см жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×