Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.06.2018 14:56 Жаңыланды: 06.06.2018 15:33

Фото — Каналга кулаган унаанын 60 жаштагы жүргүнчүсү көз жумуп, 4 жашар бала аман калды

Turmush -  Кара-Сууда мас абалдагы айдоочу башкарып бара жаткан автоунаа каналга кулап, 60 жаштагы жүргүнчүсү көз жумду. Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя кечээ, 5-июнда саат 18:45 чамасында Отуз-Адыр—Кызыл-Абад автоунаа жолунда, тактап айтканда Нариман айыл аймагынын Осмон айылында болгон.

«Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Күрөң-Кол айылынын 1958-жылы туулган Ч.Б. экени такталды. Ал орто жолдон унаасынын башкаруусун жоготуп, каналдын суусуна кулап түшүшкөн. Анын кесепетинен Кара-Суу районунун тургуну А.А. оор жаракат алып, көп узабай көз жумду. Айдоочу, 58 жаштагы А.Р. жана 4 жаштагы А.Б. (эркек бала) жабыркаган эмес.

Бул фактыны Кара-Суу РИИБ тергеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×