Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 06.06.2018 16:21 Жаңыланды: 06.06.2018 18:30 На русском

Фото — Ошто катуу сабалып, кризистик борборго түшкөн аял 3 баланын энеси

Turmush -  Жолдошунун запкысына чыдабай качып, кризистик борборго кайрылгандардын саны үзүлбөй келет. Жабыркагандардын арасында жарандык никеде жашаган аялдар да көп, деп билдирди Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова.

Анын айтымында, жакында эле оор ур-токмокко кабылган жаш келин борборго кайрылган.

«Аялдар өзүн ачыкка чыгаруудан тартынып келишет. Алар баласынын эртеңки келечеги үчүн өздөрүн коомчулукка чыгаргысы келбейт. Бизге деле кайрылууну каалабайт, баарынан үмүтү үзүлгөндө гана бизге келишет.

Жакында бизге жабыркаган жаш келин келди. Ал Ош облусунун тургуну экен. Жолдошу деле түшүнүктүү адам, бирок аялын колуна тийген буюм менен сабаптыр. Ал аял бизге өлүм алдында жеткирилди. Зээним кейиди, денесинин баары көгөрүп кетиптир. Өзү коомчулукка чыгуудан баш тартып, жолдошу менен да жашабай турганын айтып жатат. Биз бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылганбыз.

Тилекке каршы мындай кыйноолорго биздин коом кайдыгер карап жатат. Азыр жарандык никеде жашагандар да көп. Жарандык никедеги күйөөсүнөн запкы жеген аялдардын саны да арбын», - деди Д.Асилбекова.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Жабырлануучунун сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланган

Кийинчерээк бул факты боюнча Ош ОИИБдин басма сөз кызматы расмий маалымат берди.

Анда: «Аялын токмоктогон кишиге карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 23-майында Өзгөн районунун 1985-жылы туулган тургуну Д.Ж. милицияга кайрылып, 21-май күнү саат 22:30 чамасында үйүндө өмүрлүк жолдошу — 1984-жылы туулган К.Ж. денесине залал келтиргенин билдирген. Бул арыздын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, өзү дарылануу үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн. Аны дарылаган дарыгердин денесине келтирилген жаракат тууралуу маалыматынын негизинде 5-июнь күнү өмүрлүк жолдошуна карата кылмыш иши козголгон», - деп айтылат.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат. Маалым болгондой, жубайлар 3 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×