Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 06.06.2018 18:15

Ноокатта жаш кыз унаанын башкаруусун жоготуп, жаш балдар жаракат алды

Turmush -  Бүгүн, 6-июнда саат 07:00 чамасында Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылында «Мазда Демио» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учурады. Маалым болгондой, 26 жаштагы кыз унаанын башкаруусун жоготкон.

Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 4 жаштагы кыз менен 7 жаштагы бала жаракат алды. Алар окуядан кийин Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×