Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Мекендештер: Өзгөндүк Кутманай Россияда өзү жасаган гүл шам чыракты 5 000 рублга чейин баалайт (фото)

Turmush -  24 жаштагы Алмазбек кызы Кутманай бир кыздын апасы. Учурда жолдошу менен Россиянын Читин облусунун Борзя шаарында турушат. Өнөрү бар адам кайсыл жерде болсо да жашап кетет деген Кутманай интернет аркылуу гүл формасында шам чырактарды жасаганды өздөштүрүп алган.

«Жолдошум кийим саткан дүкөндө иштеп, ага жардам берип жүрчүмүн. Кызым төрөлгөндө үйдө отуруп калып, интернетти көп пайдаланып баштадым. Интернеттин да пайдалуу жагын алуу адамдын өзүнөн көз каранды болсо керек, буга чейин мындай өнөрүм деле жок болчу.

Алгачкы жолу жасаган гүл шам чырак жакындарыма жаккан, өзүмө капустага окшоп көрүнгөн. Колго жасалган буюмдарды баалаган адамдар көп, баасы да жогору», - дейт ал.

Учурда Кутманай шам чырактарды изолон деп аталган материалдан жасап, аны буйрутма менен алдырууда.

«Бир айдын ичинде ондон ашык шам чырак жасап, эн арзанын 1500 рублга саттым. Кымбат баага сатылган шам чырак 1 метр 70 см болуп, үч розадан турат. Эң кымбаты 5000 рубль деп бааланды. Гүлдү өзүм жасап, жарыктандырууда күйөөм жардамдашат. Гүл шам чыракты жасоодо изолон, клей, клей пистолет, плафон, лампа, кабель сыяктуу буюмдар керектелет», - деди ал.

Ал эми даяр буюмдарды сатуу үчүн интернет сайттардын жардамын колдонот.

«Азырынча үйдө жасагандыктан сайттар аркылуу эле жарыялап турам. Үйдө жумуш жок деп отурган аялдарга да сунуштайм. Ар бир адамдын ийгиликтүү болушу үчүн аракет жана идея маанилүү», - деди Кутманай.

Жубайлар Өзгөн районунун тургундары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 720
Көп окулду
×