Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Подполковник Т.Уларовдун өлүмүнө шектүүлөргө Ош облустук соту өкүм чыгарды

Turmush -  Бүгүн, 7-июнда Ош облустук соту подполковник Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектүүлөргө карата өкүмүн чыгарды. Жыйынтыгында айыпталуучу Ш. өмүр бою эркинен ажыратылса, экинчи айыпталуучу Р. 12 жылга камакка алынды. Бул тууралуу жабырлануучулардан жактоочусу Динара Турдуматова кабарчыга билдирген.

Ош шаардык соттун өкүмү

Ош шаардык соту 2018-жылдын 20-мартында Т.Уларовдун өлүмү боюнча өкүм чыгарган болчу. Анда айыпталуучулардын бири 23 жылга, экинчиси 7 жылга эркинен ажыратылган. Мындай чечимге нааразы болгон жабырлануучу тарап айыпталуучуларды өмүр бою эркиндигинен ажыратуу талабы менен Ош облустук сотуна кайрылышкан.

-------------------------------------------------------------------------------------------

Подполковниктин жансыз денеси 2017-жылдын 23-мартында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү «Митсубиси» үлгүсүндөгү унаанын ичинен табылган болчу. Ал ИИМдин мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын тескөөчү-коменданты, милициянын подполковниги Т.Уларов (1973-жылы туулган) экени аныкталган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, ал башына урулган оор соккудан улам каза болгон. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу.

Маркум 21-март күнү үйүнѳн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2615
Көп окулду
×