Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 07.06.2018 18:49

Ноокатта эки унаа кагышып, айдоочулар оор абалда ооруканага жеткирилди (фото)

Turmush -  Ноокат районунда эки автоунаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 7-июнда саат 15:30 чамасында Ош—Исфана жолунун 12-чакырымында «Хундай Портер» менен «Дэу Нексия» кагышып, анын кесепетинен эки айдоочу оор абалда Ош облустук ооруканага жеткирилди. Азырынча кырсыктан жабыркагандардын аты-жөнү тактала элек.

Учурда аталган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×