Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Баткен

Баткендеги сырдуу жерлер: Барса келбес атка конгон үңкүр, кыргыздардын «таш паспорту» жана байыркы күзгү таш (фоторепортаж)

Turmush -  Баткен районундагы барса келбес атка конгон Кан-и-Гут үңкүрү, Баткен шаарындагы «Сан сарай» этнографиялык коругундагы кыргыздардын «таш паспорту», Достук айылындагы 1500-жылдары Бабур хандын китебинде жазылган күзгү таш тарыхый аймагы атайын окумуштуулар тарабынан изилдене элек. Аймактык кабарчы алардын тарыхы тууралуу жергиликтүү тарыхчылардан маалымат алды.

Биздин эрага чейин IV-кылымда Кытай тарыхчысы Суанжу Орто Азиядагы жер астындагы күмүш шаар тууралуу өз эмгегинде жазып калтырган. Баяндалган күмүш шаар азыркы Баткен облусунун Самаркандек айылында жайгашкан. Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, IV кылымдарда бул аймактардан күмүш өндүрүлүп турган.

«Гун уруулары IV-IX кылымдарда күмүш өндүрүү үчүн аталган айылдын Шадымир коктусун казышкан. Анткени бул аймак күмүш кенине бай келген. Гундардын күмүш шахтасы фарсы тилинде Кан-и-Гут деп аталып, узундугу бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Болжолдуу түрдө 300 чакырым деп да айтылат. Бул үңкүрдү изилдөө үчүн 1888-жылы жана 1920-жылы орус окумуштуулары келишкен, бирок алар да аянтын так аныктай алышкан эмес. Бул үңкүрлөр байыркы кытайлар тарабынан казылып турган. Азыр таштары дагы башкача. Үңкүргө күмүш аралашкандыктан канча кылым карытса да бекем турат», - дейт тарыхчы Мурзапар Үсөн.

Жергиликтүүлөр барса келбес үңкүр деп атаган күмүш шахтасынын айланасынан СССР убагында да күмүш өндүрүлгөн.

«Союз убагында да бул үңкүрдүн башка тарабынан кен казылып, Чимкент (азыркы Шымкент) шаарында кайра иштетилип, 1 тонна кенден 15 кг күмүш алынган. Бирок жер астынан суу көтөрүлгөндүктөн иш кайра токтоп калган. Үңкүрдүн 30-чакырымына барганда дарыянын шары угулуп, ал Сыр дарыясына кошулат деген да аңыз кеп айтылат. Аны текшерүү үчүн бир киши көп саман салып көргөн дешет. Бул жерди корукка алып, Сулайман-Тоо сыяктуу тарыхый жайга айлантса болот. Туристтерди тартуу үчүн жакшы аймак болуп эсептелинет. Окумуштуулар изилдеп, күнүнө 1 метрден казылса, узундугу 300 чакырым болушу мүмкүн. Ал жерден чыга турган 9 эшик табылган. Бирок толук, аягына чейин бир да окумуштуу аныктаган эмес», - дейт тарых илимдеринин кондидаты, доцент Абдинаби Кадыров.

Бай тарыхты камтып, бирок сырын ачпаган үңкүр сыяктуу эле Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы аска беттеринде өткөн кылымды камтыган таш бетине чегилген сүрөттөр да толук изилденбей турат. Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, бул аймакта кайсы бир кылымда кыргыздар жашап өткөн.

«Бул таш үстүндөгү чегилген сүрөттөр башка улуттардын эмес, кыргыздардын жашоо образын көрсөтүп турат. Бул сүрөттөр мергенчинин, кербенчинин, эчкилердин көчүп-конгондугун айтып турат. Биз сүрөттөр аркылуу бул жерде түптүү кыргыз улуту жашагандыгын далилдесек болот. Башкача айтканда, сүрөттөрдө кыргыздардын аңчылык менен жашоо кечиргендигин көрүүгө болот. Бирок кыргыздар бул аймакта кайсы доордо жашап өткөндүгүн адистер тактап аныктай элек. Аскадагы сүрөттөр окумуштууларды "келгиле, бизди иликтеп, ким экенибизди айтып бергиле" деп турат. Бирок киришип, изилдеген адам жок», - деди жергиликтүү тарыхчы Гламидин Абдырахманов.

Петроглифтерди жергиликтүү тарыхчылар кыргыздардын «таш паспорту» деп аташат.

Буга катар эле 1503-жылдагы Бабур хан калтырган жазмаларындагы «күзгү таш» Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук айылында тоо боорунда сакталып калган. Аталган таш ушул мезгилге чейин изилденбей келет.

Күзгү таш бүтүндөй бир аймакты чагылдырып бергендиги уламыштарда айтылат. Анын жардамы менен жериликтүү тургундар жоголгон нерселерин табышкан. Бирок учурда күзгү таш баштапкы абалында эмес.

«Бабури Наами» китебинде жазылган маалымат боюнча күзгү таштын узундугу 13 метр болсо, туурасы адам боюндай болгон. Уламыштарда мындай деп айтылат: «Өткөн кылымдарда ууруларды кармоо үчүн бул таш жардам берген. Ал белгилүү бир аймакты чыгылдырып берген. Кийин уурулар бул таштын бетин кырып, жараксыз кылып коюшкан. Асмандагы кайсы бир таш ушул күзгү ташка чагылып турат». Мындай таштардын дагы бирөө Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашып, бирок аталган өлкөнүн карамагына кирип калган. Ал буга караганда даана көрсөтөт. Өкүнүчтүүсү биздеги мындай тарыхый жайлар изилденбей же корукка алынбай калууда», - дейт тарых илимдеринин кондидаты, доцент Абдинаби Кадыров.

Буга чейин Баткендин аймагында илимий изилдөө иштери жүргүзүлүп, 10 тарыхый обьект ачылган. Ал эми аты аталып, бирок аныкталбаган 30дан ашуун тарыхый жер бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1213
Элдик уламыштар
Көп окулду
×