Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Россияга жөнөтүлгөн товарлар артка кайтарылып, дыйкандарды чыгымга учуратууда, - депутат

Turmush -  Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн товарлар кайтып келип, дыйкандарды чыгымга учуратууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов бүгүн, 8-июнда Ошто өтүп жаткан көчмө жыйында билдирди.

Оштогу жыйын

Көчмө жыйынга Жогорку Кенештин депутаттары, экономика министрлигинен өкүлдөр, өкмөттүн Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, район акимдери катышып жатышат.

Депутат Зиядин Жамалдинов мамлекеттин акчасы банктарга субсидия (мамлекет же мекеме тарабынан көрсөтүлгөн акчалай же башка жардамдар) берилбеши керек жана дыйкандарга көбүрөөк көңүл буруу зарыл деген пикирде.

«Акыркы убактарда дыйкандар өндүргөн товарларын Россияга экспорттоп, бирок чек арадан кайтарылган учурлар болуп жатат. Буга көңүл бурган эч ким жок. Дыйкандардын документтери туура эмеспи?... Буга көңүл буруп койсоңуздар. Алар товарларын жөнөтүүдө канчалаган чыгымга учурап жатышат.

Мындан сырткары мамлекеттик бюджеттен берилген субсидия боюнча... Мамлекеттик бюджеттен банктарга субсидия каражат берилбеши керек. Насыя үчүн башка булактарды табуу зарыл», - деди З.Жамалдинов.

Оштогу жыйын (1)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 961
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×