Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Артында жалгыз карындашы калды: Чүйдөгү абакта чекесине ок тийип каза болгон жоокер жерге берилди

Turmush -  Абакта күзөттө турган жеринен жансыз денеси табылган 18 жаштагы жоокер бүгүн, 8-июнда жерге берилди. Анын денеси өзүнүн айылында — Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагына караштуу Жыл-Келди айылында акыркы сапарга узатылганын аймактык кабарчы билдирди.

Ал эми Ак-Таш айыл өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча, маркум аскердик кызматын өтөөгө 2 ай мурда жөнөтүлгөн эле. Анын бир карындашы бар. Ал эми ата-энеси ажырашып, өзү аскерге чейин Ош шаарында таякеси менен жашап жүргөн.

---------------------------------------------------------------------------------------

Окуя Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы абакта болгон. 6-июнда болжол менен саат 10:30да ЖАМКнын Күзөт жана конвоирлөө департаментинин 18 жаштагы катардагы жоокери 7-мунара күзөтүндө турганда өзүнө ок атканы, эртең менен ал башка жоокерден аталган күзөттү өткөрүп алганы маалымдалган болчу. Маркум 12-ротада аскердик милдетин аткарып жаткан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ок жоокердин маңдайынан кирип, артынан чыккан. Кийинчерээк бул маалыматты ЖАМКнын басма сөз кызматы тастыктап, жоокердин жансыз денеси бийик секинин ичинен табылгандыгын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1717
Көп окулду
×