Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Ош шаарында айрым маршруттук каттамдардын багыты өзгөрдү (карта)

Turmush -  Ош шаарындагы айрым кичи автобустук каттамдардын схемаларына өзгөртүүлөр киргизилди. Мындай чечим мэриянын алдындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө комиссиясынын 2018-жылдын 14-майындагы отурумунда кабыл алынган.

Ош шаарында айрым маршруттук каттамдардын багыты өзгөрдү

Өзгөрүлгөн каттамдар:

- №127 кичи автобус Ош шаарынан Кара-Суу районунун Ишкаван айылына кетип жатканда Р.Абдыкадыров, Амир Темур көчөлөрү кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт;

- №112 кичи автобус Курманжан датка аймактык кеӊешиндеги (Юговосток) багыты кыскартылып, Масалиев көчөсү менен Нурматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампадан кайтат;

- №146 кичи автобус Курманжан датка аймактык кеӊешине бара жаткандагы жана келе жаткандагы Өскөналиев, Абдыкадыров, Ш.Руставели көчөлөрү кыскартылып, түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт;

- №143 кичи автобус Ак-Тилек аймактык кеӊешинен Ош шаарына бара жатканда түз Г.Айтиев көчөсү менен жүрөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1482
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×