Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.06.2018 14:09 Жаңыланды: 09.06.2018 17:19

«Денеси курттап кеткен»: Өзгөндө бетин жана колун белгисиз жаныбарлар жеген эркек кишинин денеси табылды (фото)

Turmush -  Өзгөн районунда бетин жана колун белгисиз жаныбарлар жеп кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, кечээ, 8-июнда Өзгөн РИИБге жергиликтүү тургундар тарабынан Зергер айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин артынан адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган жерге барып, үйдүн артынан эркек кишинин денесин курттап кеткен абалда табышкан.

«Эркек кишинин бети ылдый тарапты карап, денеси курттап, бети жана бир колун белгисиз жаныбарлар жеп кеткен экен. Ошондой эле жанында баштык, анын ичинде кара бут кийим болгон. Ал эми сүрөттөгү сары бут кийимди кийип жүргөн», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×