Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ош

Июнь окуясына 8 жыл: Уулдарыбызды 80 жыл болсо да унутпайбыз, - энелер (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында июнь окуясынын 8 жылдыгы эскерилди. Эскерүүгө июнь окуясында каза болгондордун жакындары, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты, деп билдирди кабарчы.

Чогулгандар алгач каза болгондордун арбагына багышталган аза күтүү мүнөтүн жарыялап, андан кийин куран окулду.

Бул күн жүрөгүнө өзгөчө так калтырган Шаани Топчубаева 27 жаштагы уулунан айрылган.

«Мен үйлөнө элек уулумдан айрылып калдым. Эч бир эне ботодой боздобосун. Мындайды душманыма да каалабайм. Биз бул күндөрдү сабырдуулук менен жеңип келе жатабыз. Уулумдун каза болгонуна 8 жыл эмес, 80 жыл болсо да унутпайм. Менин капа болгонум бир дагы депутат кабар албагандыгы болду. Биз аларга шайлоодо гана керекбизби?», - деди ал.

Ошондой эле мындан туура 8 жыл мурун Дилбар Көчкөнова жалгыз уулунан айрылган.

«Менин бир уул, бир кызым бар эле. Уулум 30 жашка толгондо каза болду. Биздин балдарыбыз эл үчүн курман болушту. Балдарыбыз башы жок, колу жок болуп көмүлдү», - деди Д.Көчкөнова.

Ал эми Кубатбек Боронов июнь окуясынын жабырлануучуларына көңүл айтып, ынтымакка, биримдикке чакырды.

«Бүгүн өлкөбүздө улуттар аралык кагылышуу болгонуна 8 жыл болуп отурат. Мындай окуя экинчи кайталанбасын. Оор окуя Ош облусундагы 400дөн ашуун уландардын өмүрүн алып кетти», - деди К.Боронов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1372
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×