Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 11.06.2018 11:21

Видео — Ноокатта шагыл жүктөлгөн «КамАЗ» сел алдында калды

Turmush -  Кечээ, 10-июнда Ноокат районунун Гулистан айыл аймагына караштуу Арал аймагындагы сайда шагыл жүктөп жаткан «КамАЗ» жүк ташуучу унаасын сел каптады. Ошол учурда тартылган видеодо көрүнүп тургандай, 3 жигит «КамАЗдын» аккумуляторун алып чыгууга үлгүрүшкөн.

Маалым болгондой, оор жүк ташуучу автоунаа 10 метрдей аккан. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Ноокаттагы селден Ош—Баткен—Исфана жолунда унаалардын тыгыны да пайда болгон эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×