Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 11.06.2018 15:02

Алайда тоо теке аткан 2 аңчы кармалды (фото)

Turmush -  Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы Ыргайлуу жайлоосунда тоо теке аткан 2 аңчы 5-июнь күнү кармалды. Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаровдун айтымында, учурда бул иш боюнча Алай райондук ички иштер бөлүмү иш жүргүзүп жатат.

«Биз Алай РИИБдин кызматкерлери менен рейд жүргүзүп, Ыргайлуу жайлоосунан тоо теке аткан 2 адамды кармадык. Экөө 2 жаштагы тоо текени атышкан. Учурда аларга административдик 100 миң сом айып пул салынды», - деди А.Айдаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×