Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Лейлектеги сел: Жабырлануучулар үчүн 8 чатыр тигилип, керектүү буюмдар таратылды

Turmush -  Лейлек районундагы селден жабыркагандарга 10 орундуу 8 даана чатыр тигилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, тургундарга 76 даана шейшеп, жаздык тыштар, 20 литрлик 32 даана канистра, 14 литрлик 32 чака, 76 даана жууркан, 16 даана ашкана буюмдары, 32 даана брезент, 32 даана гигиеналык буюмдар таратылды.

Cелден жабыркагандардан Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмекбай Топчубаев менен Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков кабар алды. Жергиликтүү тургундар акимге жер маселеси менен кайрылышты. Жаныбек Исаков жарандар Кадамжай районунун жашоочусу болуп катталса, үй салуу үчүн жер берилерин айтты. Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов бүгүнкү жардам эң алгачкы жардам экендигин айтып, мындай аракеттер район-шаарлардын, жалпы эле Баткен элинин ынтымагын айгинелегенин кошумчалап, ыраазычылык билдирди.

Сел каптаган учур

Окуя тууралуу:

9-июнь күнү саат 16:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында сел жүргөн. Жалпы район боюнча 16 үйгө, 1 балдар бакчасына сел суулары кирип, 112 үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү сел суулары каптаган. 21 баш бодо малды суу агызып кеткен.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга ӨКМден 82 куткаруучу куткаруучу иштеп жатат. Андан сыртары Катраң чек ара заставасынан 14 кызматкер, РЭТ ишканасынан 2 бригада, 2 УАЗ унаасы, райондук медицина бөлүмүнөн 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам, №13 жол тейлөө ишканасынан 2 грейдер, 1 жүктөгүч, айыл аймактан 2 самосвал, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган.

10-июнь күнү тартылган күч жана каражаттардын жардамында Кара-Суу айылындагы балдар бакчасы, 1 үй жана Катран айылында 2 үйдүн жер тилкелери сел калдыктарынан толугу менен тазаланган. Исфана—Андарак—Көк-Таш ички чарбалык унаа жолу тазаланып, жол каттамы бир тараптуу ачылган. РЭТ ишканасынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу айылында 2 даана электр мамычасы орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери өлгөн 3 бодо малды көмүшкөн. Лейлек районунун акимчилиги 10-июнь күнү райондун аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да селдин кесепеттерин жоюу иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар Катраң айылындагы чайканада түнөп калышты. 11-июнь күнү иш-чаралар улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 523
Көп окулду
×