Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Талас

Таластагы бөбөктөр үчүн концерт уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 12-июнда Талас шаарында Комсомолдун 100 жылдыгына карата бөбөктөргө концерт уюштурулду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Роза Нурматова билдирди.

Анын айтымында, аталган концертке Бишкек шаарынан «Ак-Шоола» балдар хору келди. Концертте Ч.Айтматовдун өмүр жолу көрсөтүлүп, аны менен катар Комсомолдун 100 жылдыгы дагы белгиленди. Иш-чарага Талас шаарындагы билим берүү борборлорунан, музыкалык мектептен 300 бөбөк катышты.

«Сейтек» балдарга билим берүү борборунун жетекчиси Сабира Чылпаковаынын айтымында, бул иш-чара жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата да уюштурулду.

«Балдарыбызды атайын Талас жергесине алып келдик. 9-июнда Кара-Буура районунун Шекер айылында болуп, ал жакта залкар жазуучунун музейи, бала чагы менен таанышып маалымат алдык. Биринчи концерт Шекер айылында өттү. 10-июнь күнү Кара-Буура районунда чон концерт бердик. Азыр Талас шаарында болуп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 315
Көп окулду
×