Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

22 жаштагы Кудайбергендин өлүмүнө шектелип бокс боюнча спорт чебери кармалды. Ата-эне тергөөгө нааразы (видео)

Turmush -  2018-жылдын 7-апрелинде Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну Раманов Кудайберген токмоктон каза болгон. Ал шаардагы бильярд клубдардын бириндеги мушташтан кийин каза болуп, шектүү катары 1993-жылы туулган жергиликтүү тургун кармалган болчу. Бул иш бүгүнкү күндө Ош шаардык сотунун кароосунда турат.

Бүгүн, 12-июнда АКИпресс-Ошто маркум Кудайбергендин жакындары маалымат жыйын өткөрүп, Ош ШИИБдин тергөөчүсүнө нааразычылык билдиришти. Алар адам өлтүргөн шектүүгө «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголбой, туура эмес иш козголгон деген пикирде.

«Балам аскерде кызмат өтөп, жогорку окуу жайды да аяктап жаткан эле. Балдарымдын улуусу болчу. Ошол күнү намаз окуганы мечитке кетип, кайра кайтып келген жок. Телефону да өччү эмес. Көрсө бильярд клубда сабалып өлгөн экен. Эмне үчүн адам өлтүрүү беренеси менен иш козголбойт?

Соттон адилет чечим күтөбүз. Баламды өлтүргөн адам эң оор жаза алышы керек. Бул иштин тергөөчүсү эптеп эле тергеп койгон», - деди маркумдун апасы Гүлсара Алиева.

Ал эми Кудайбергендин атасы Э.Раманов уулу спорт менен машыгып жүргөнүн, аны жалгыз адам сабап өлтүргөнүнө ишенбей жатканын айтат. Ал кылмышка тиешеси барлар толук жоопко тартылышын талап калууда.

Кудайберген Баткен облусунда чек арада кызматын өтөп келген. Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде юридикалык факультетти да аяктап жаткан. Ал эми Ош шаардык милициясы кылмышка шектүүгө тиешелүү эле берене менен кылмыш иши козголгонун маалымдады.

«Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайын оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тергелген. Ошол күнү каза болгон бала менен 25 жаштагы таанышы экөө бильярд ойноп жатып, чырдаша кеткен. Сыртка чыкканда шектүү уруп, анын кесепетинен 22 жаштагы Кудайберген ооруканага жетпей каза болгон.

Маалымат жыйын уюштурган ата-эненин абалын түшүнөбүз. Бирок 97-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголбогондугунун да себеби бар. Тергөөнүн, иликтөөнүн натыйжасында шектүү атайын өлтүрбөгөнү аныкталган. Ошол себептүү 104-берене менен иш козголду. 104-берене да оор беренелердин катарына кирет. Кылмышка шектүү бокс боюнча спорт чебери болгон. Бул ишке сот чекит коет», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1543
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×