Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 12.06.2018 21:29

Бурган-Суу айылындагы ФАПтын курулушу 3 жылдан бери бүтпөй турат

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун имараты 3 жылдан бери курулуп бүтө элек. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Насирдин Термечиков билдирди.

Анын айтымында, учурда имараттын курулушу токтоп турат. ФАПтын жоктугунан эл Сары-Могол айылындагы ФАПка барууга аргасыз болушат.

«Биздин айылда 120 кожолук эл бар. ФАП биздин жалгыз социалдык объектибиз. Ал дагы 3 жылдан бери курулуп бүтпөй жатат. 3 млн 200 миң сомдук жумуш аткарылып, учурда чатыры жабылган бойдон турат. Ички оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүнө элек. Айыл эли ооруп калганда Сары-Могол айылындагы ФАПка барууга аргасыз болушат. Кыштын күнү өтө кыйналабыз», - деди Н.Термечиков.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы Салайдин Бакиров ФАП быйыл толугу менен бүткөрүлө турганын кошумчалады. Аталган ФАПтын курулушу 4 млн 800 миң сомго бааланган. ФАП жергиликтүү бюджеттен курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×