Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Кара-Кулжада өспүрүм кыз менен нике кыйдырып, балалуу болгон жигитке сот өкүм чыгарды

Turmush -  Кара-Кулжа райондук соту жашы жете элек кыз менен нике кыйдырган Нурбектин (аты өзгөртүлдү, А.у.Н.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.

Соттун токтомундагы маалыматка караганда, соттолуучу Жыпара (аты өзгөртүлдү, С.Ж.) аттуу кыз менен таанышып, экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Ал Жыпаранын жашы жете элек кыз экенин билип туруп, аны менен нике кыйдырып, балалуу болгон.

Соттолуучунун айтымында, өспүрүм кыз менен лицейде таанышкан. Андан кийин өзү Бишкек шаарына иштегени кеткен. «Февраль айында апам каза болгондо Кара-Кулжа айылына келип, үйлөнүүнү чечтим. Жыпара чогуу жашоого макулдугун берип, нике кыйдырганбыз. Анын туугандары да баарын билишчү», - деди Нурбек.

Ал эми Жыпаранын көрсөтмөсүнө караганда, ата-энеси ажырашып кеткендиктен чоң атасынын колунда өскөн. Ал 8-класска чейин Кара-Кулжа айылындагы орто мектепте окуган. Нурбек экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп, март айында молдого нике кыйдырышкан. Нурбек бул тууралуу кыздын туугандарына билдирген.

Сот отурумуна чакырылган акушер Жылдыз (аты өзгөртүлдү, Р.Ж.) билдиргендей, жумушуна келгенде Жыпара уул төрөгөнүн айтышкан. Ал төрөтканага келгенде паспорту жок болгондуктан медициналык баянга анын туулган жылы жазылган эмес. Жыпара төрөтканадан чыгып жаткан күнү туулган жылы белгилүү болуп, бул тууралуу жетекчиликке билдирген.

Жыпаранын эжеси Таттунун (аты өзгөртүлдү, Ж.Т.) айтымында, Нурбектин атасы келип жаштар нике кыйдырганын билдирген. «Биз Жыпаранын жашы жете элек экенин айтканбыз», - деди ал.

Жыйынтыгында соттун чечиминин негизинде Нурбек 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кесилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9504
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×