Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуАраван району 12.06.2018 17:22

Эсенбай айылында көйгөй жараткан суу берүүчү скважиналар оңдолуп жатат

Turmush -   Араван районуна караштуу Эсенбай айылында көйгөй жараткан суу берүүчү скважиналар оңдолот. Аким Курбанбек Айтибаевдин айтымында, бул иштердин аякташы менен айыл элинин таза сууга болгон муктаждыгы чечилет.

«Эсенбай айылындагы скважина оңдоого муктаж. Айыл эли эскилиги жеткен скважинаны оңдоп берүүнү суранып келишкен. Учурда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү ал жерди оңдоого каражат бөлүп берди. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат», - деди аким.

Араван районунун эң алыскы Эсенбай айылы Өзбекстан менен чектешет. Айылда жай мезгилинде таза суу көйгөйү жаралып келген. Учурда айылда 100дөн ашуун түтүн эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×