Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Ысык-Көл

Жаш талант: 15 жаштагы бийчи Айдана сынактарда байгелүү орундарды багындырып жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 15 жаштагы тургуну Айдана Саламатова үй-бүлөсү менен сынакка катышып, «Мыкты спорттук үй-бүлө» наамын алышкан. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Айдана учурда №3 К.А.Абдылдаев атындагы мектепте 9-класста окуп жатат.

«Бий менен 3-класстан бери алектенем. Ал эми 2 жыл мурун «Жаш Толкун» ансамблине
киргем. Биздин шаарда бий боюнча концерт болуп, ага ата-энем менен баргам. Бийлеп жаткан кыздарды көрүп кызыктым. Андан кийин ата-энем мени бий ийримине жаздырган.

Топтогу кыздар менен кыргыз, тажик, өзбек, индия, чыгыш бийлерин бийлейбиз. Мындан сырткары заманбап бийлерди да бийлеп келебиз. Бул өнөрдүн аркасы менен "Танцующая столица", "Өнөртай" сынактарында 1-орунду багындырдым. Ошондой эле үй-бүлөм менен жыл сайын 4 үй-бүлө арасында өтө турчу сынакта "Мыкты спорттук үй-бүлө" наамын жеңип алганбыз. Уюштуруучулар биздин мектепке келип сунуштаганда, иним үй-бүлөбүз катыша турганын айтыптыр. Жыйынтыгында Балыкчыдан үч үй-бүлөнү жеңип, сынактын финалдык бөлүгү өткөн Каракол шаарында 1-орунду алып, сыналгы менен сыйланганбыз», - деди ал.

Жаш бийчи тойлордо бийлеп кызмат көрсөтөт. Ошондой эле бош убакта англис тили боюнча ийримге барат.

«Бир жолу 4 кыз болуп тойдо бийлеп чыкканбыз. Бийлеп жатып 3 кыз алды жакты карап
токтогондо, мен дагы бир жолу айланып, жалгыз артты карап калгам. Ошондо карап турган
элден аябай уялып, бетим кызарып, ордума тургам. Азыр эстегенде күлкүм келет. Бош убактымда англис тили боюнча курска барам. Келечекте мыкты котормочу болууну жана башкаларга бий үйрөтүүнү кыялданам», - деди Айдана.

Ал 3 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 921
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×