Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Беш-Коргон айылында жаңы көпүрө курулуп жатат

Turmush -  Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылындагы сел суусу аккан Чили-Сай каналында 2,4 млн сомго көпүрө курулуп жатат. Бул тууралуу Ноокат райондук администрациясынан билдиришти. Эски көпүрөнү сел алып кеткен. Ал эми жаңы көпүрөнү ушул жылдын август айында бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.

Ушул сайда 10-июнда шагыл жүктөп жаткан «КамАЗ» жүк ташуучу унаасын сел каптаган. 3 жигит «КамАЗдын» аккумуляторун алып чыгууга үлгүрүшкөн болчу. Кийин «КамаАЗга» шагыл уруксатсыз жүктөлүп жатканы маалым болгон.

Маалым болгондой, оор жүк ташуучу автоунаа 10 метрдей аккан. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×