Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 13.06.2018 09:40

Видео — Ноокаттын 4 тургуну «Йакын инкар» уюмунан өз каалоосу менен чыгышты

Turmush -  Ноокат районунда түшүндүрүү иштеринен кийин «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын 4 мүчөсү андан чыккандыгын расмий түрдө билдирди. Ал эми Ош облусунун аймагында 2018-жылдын 5 айында «Йакын инкар» диний агымынын 31 мүчөсүнө кылмыш иш козголгонун Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул уюм 2017-жылы 15-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен экстремисттик деп таанылып, Кыргыз Республикасында анын ишмердүүлүгүнө, үгүттүк материалдарын басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынган.

«Йакын-Инкар» агымынын мүчөлөрү эмне себептен артка кайтышканын түшүндүрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×