Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Боюнан алдыруу үчүн күйөөсүнө таарынган кыз-келиндер да келишет, - гинеколог Ф.Турдуматова

Turmush -  30 жыл төрөт үйүндө иштеп, учурда жеке менчик клиникада эмгектенип жаткан Фатима Турдуматова баласын боюнан алдыруу максатында келген кыз-келиндерди артка кайтарууга аракет кылат. Мындай аракети көп жолу ийгиликтүү аяктаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Жигитине алданган, турмуш шарты жакшы эмес жана көп балалуу кыз-келиндер көз жашын көлдөтүп келишет. Ата-энесине, дос-тууганына айта албаган маселелерин бизге айтышат. Алгач эмне себептен боюнан алдырып жатканын сурайм, боюнан алдырбоону сунуш кылам. Эгер үй-бүлөлүк шарты жакшы болуп туруп, "Россияга барат элем, карьерамды көтөрөт элем" деген шылтоолорду айтса кетирип жиберем. Бирок көбүнчө айласы жоктор келет. Аларды төрө деп кыйнаганыбыз менен эртең баласын тирүүлөй кордоп, бага албай кор кылат. Күйөөсү менен боюнда бар убакта ажырашып кетип, ага өчөшкөндөр да келишет», - деди Фатима Турдуматова.

Дарыгердин айтымында, аялдагы түйүлдүк беш жумага чейин уюган кан болот.

«6 жумадан баштап жан кирип, адам болуп калыптанып калат. Иш бөлмөмдө түйүлдүктүн өнүгүү процесси чагылдырылган сүрөттү илип алгам. Келген кыз-келиндерге ошол сүрөттү көрсөтөм. Кээ бири эшикке чыгып, 2-3 саат ойлонуп, кайра ыйлап келишет.

Бир ирет бир келин келген, күйөөсү менен урушуп кетип, боюнан алдырууну каалаптыр. Отургузуп алып, кеңешимди айтып жөнөтүп жибергем. Кийин ошол келин баласын жетелеп келип, ыраазычылыгын айткан. "Сиз боюмдан албай койгон бала 1-класска барып калды" деди.

Ал эми аялдардын боюнан алынган түйүлдүк атайын казылган чуңкурга ыргытылат. Күнүнө хлор жана атайын каражаттар чачылып турат. Түйүлдүк бара-бара ээрип жок болуп кетет», - деди Турдуматова.

Кесибин сүйгөн дарыгер үчүн акча экинчи орунда.

«Биздин клиникада боюнда болбой жаткан келиндер да дарыланат. Алар балалуу болуп ыраазычылык айтып келгенде, бардык кайгыларым унутулуп кетет. Түйүлдүктү жок кылуу психикалык жактан өтө оор. Чоңоюп калган түйүлдүктү алганда, “болду, бул жумушта иштебейм, таштайм” деген күндөр болгон. Бирок акыркы убакта кесибимди жардам берүү катары эле кабыл алып калдым. Мен да бир үй-бүлөнүн түйшүгүн чечип жатам. Коомчулук аборт кылганы үчүн дарыгерлерди эмес, боюнда болуп калган кыздарды айыптаса туура болот. Бирок бирөөнү күнөөлөгөнгө эч кимдин укугу жок. Себеби, анын жашоо абалын эч ким түшүнбөйт. Ал эми кыз-келиндерге убагында сактанып, төрөттү алдын ала пландоону сунуш кылам», - деди гинеколог.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 718
Көп окулду
×