Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Ысык-Көл

Караколдо кыз ала качууга каршы акция өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-июнда Каракол шаарында кыз ала качууга каршы акция өтүп жатат. Бул тууралуу акциянын катышуучусу Айнаш Намазова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жөө жүрүш менен коштолгон акция кыз ала качууну алдын алуу максатында уюштурулган.

«Буга чейин кыз-жигиттер макулдашуу менен ала качуу жолу аркылуу баш кошуп келишкен. Анткени алардын социалдык макамы бири-бирине дал келген эмес. Бирок азыркыдай учурлар болгон эмес. Кызды уурдап, ал адам менен жашоого мажбурлоо — үрөй учура турган көрүнүш. Мындай жол менен түзүлгөн үй-бүлө жакшы жашай албайт. Биз муну токтотушубуз керек», - деди ал.

Аталган акцияга коомдук ишмерлер, жаш кыздар жана укук коргоочулар катышып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 346
Көп окулду
×