Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Чүй облусуМосква району 13.06.2018 12:33

Айыл турмушу: 1 га жерден 60 тонна помидор өндүргөн дыйкан О.Назарметовдун талаадагы жашоосу (фото)

Turmush -  Жердин сырын, мол түшүм алуунун ыгын билген дыйкан Осмонали Назарметов таңдан кечке куттуу талаада өз түйшүгү менен алек. Жаз алды менен Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылынан 24 га жерди ижарага алган. Анын 16 га жерине помидор, 8 га жерине жүгөрү өстүрүшкөн. Учурда баары тегиз өнүп, аймакты көрккө бөлөсө, дыйкан түшүмдүүлүгүнүн жогору болоруна кубанып келет. Ал 8 жылдан бери жеке чарбада ишкердүүлүгүн илгерилетет. Өздөрүнө таандык техниканын түрлөрү да бар. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дыйкан Осмонали Назарметов помидор талаасында

1

Дыйкан Осмонали Назарметов помидор көчөттөрнүн нымдуулугун текшерүүдө

2

Иниси Мамет Назарметов, жардамчысы Абдыкапар Эргешовдор ар бир түп көчөттү аздектешип, түбүн жумшартып, чөптөн арылтып, маңдай терин аяшпайт.

Помидор таласы

3

«Ар бир гектар помидордон 50-60 тонна, жүгөрүдөн 10-12 тонна түшүм алабыз деген үмүтүбүз зор. Ошондо орто эсеп менен 16 га х 50 тонна – 800 тонна помидор, 9 га х 12 тонна – 108 тонна жүгөрү. Баары 908 тонна түшүм. Болжол менен миң тонна түшүм биздин колубузда. Аймакты ушундай жол менен да өнүктүрөбүз. Дыйканчылыктын миң сыры бар. Анын бири — жөөктөргө тартылган кленканын эки чети жакшы жабылган болсо, ортодогу чөп өнбөйт, нымдуулук сакталып турат. Чөп өнсө да, кленкадан күндүн нуру өтүп тез куурайт. Чөп басса көчөттүн өнүмү, түшүмү төмөндөйт», - деди Осмонали дыйкан.

Дыйкан Осмонали Назарметов иниси Мамет менен өздүк техникасында жерди жумшартууда

4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×