Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.06.2018 12:36

Фото — Ысык-Көлдө 10 жылдык бүтүрүүчүлөр 7 балалуу энеге үй куруп беришти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында мектепти 10 жыл мурун аяктаган классташтар айыл тургунуна 3 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүтүрүүчүлөрдүн бири Эрлан Касымовдун айтымында, алар мектепти 2008-жылы аякташкан.

«Классташтар кеңешип, 7 баласын жалгыз тарбиялап жаткан энеге үй куруп берүүнү чечтик. Анын жолдошу үй-бүлөсүн таштап кеткен экен. Андан кийин ал өзүнүн айылына келип, батирде жашап жаткан.

Бул демилгени бардык классташтар колдоого алышты. Бош жер тилке бар болчу. Баарыбыз 10 миң сомдон чогултуп, жалпы 240 миң сом болду. 200 миң сомго 20 күндүн ичинде 3 бөлмөлүү үй курдук. 25-майда жаңы үйдүн ачкычын тапшырдык», - деди Эрлан Касымов.

Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр жалпы 100 миң сомго мектепке 4 компьютер жана китептерди алып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×