Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Оштогу бассейн көйгөйү: 16 млн сомдук подиумга эмес, бассейнге муктажбыз, - жашоочу

Turmush -  Ош шаарындагы жергиликтүү тургундар жайкысын балдарын Ак-Буура суусуна түшүрүүгө аргасыз болушат. Муну көпчүлүк шаарда акысыз иштеген коомдук бассейндин жоктугу менен түшүндүрүшөт.

Тилекке каршы сууга түшүү мезгилинде балдар тыкыр көзөмөлгө алынбагандыктан өлүм менен коштолгон кайгылуу окуялар да болууда. Буга мисал, 11-июнда Туран кичи шаарчасынын 6 жаштагы тургуну Ош-Араван каналына түшүп каза болгон.

Бул окуядан кийин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматы тарабынан жаш жеткинчектерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми сууга түшүү мезгилине байланыштуу учурда Ак-Буура суусунун боюнда эс алгандардын саны арбын.

Жергиликтүү тургундардын бири Бакыт Молдожановдун айтымында, шаарда бассейндер көп, бирок жергиликтүүлөр үчүн баасы кымбат. Шаарда акысыз же арзан баада бассейн жок болсо балдарды каякка алып барабыз. Айласыздан ушул жерге келүүгө мажбурбуз. Бассейндерге баралы десек, бир балага 200 сом алышат. Бир үй-бүлө барса 1500 сом каражат кетет. Балдарды күндүн ысыгында үйгө да камап отура албайт экенсиң. 16 млн сомго подиум кургандан көрө, ар бир аймактык кеңештерге бассейн куруп берип коюшса жакшы болмок», - деди Б.Молдожанов.

Санжар Көчөрбаев да неберелерин эс алдыруу үчүн Ак-Буура суусуна алып келген. Ал неберелерин суунун боюнча эс алдырып жатканын айтты.

«Мен эки неберем менен эс алууга келдим. Балдарды сууга түшүрүп, эс алдырып жатам. Башка бассейнге барууга каражатым жок», - деди С.Көчөрбаев.

Ак-Буура суусу Ош шаарын кесип өткөндүктөн Курманжан датка аймактык кеңешиндеги тургундар көп келишет. Суунун агымы жай жерде жуунабыз деген Улар, 5 күндөн бери сууга күн сайын түшүп жатканын айтты.

Туран кичи шаарчасынын 6 жаштагы тургуну сууга аккан окуяга күбө болгондордун бири Анаркан Латипжанованын айтымында, бала 500 метрге чейин аккан.

«Кечээ үйдөгү конокторду узатып эшикке чыксам, ызы-чуу болуп жатыптыр. Бала сууда агып келе жатканын бала бакчанын кызматкери байкап калыптыр. Ал менин кошуна балам, угуп эле дароо каналга барып издей баштады. Жанынан көрүнбөй жатты. Алыстан карагандар байкап, ошолор кыйкырып айтып жатып, баланы суудан алып чыкты. Суудан чыгары менен жасалма дем алдырып, андан соң дароо жаныбыздагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алып бардык. Бирок бала эсине келбей, узап кете берди. 6 жашар баланын жанында 3,5 жашар карындашы дагы болгон. Ошол кыз агасы суу алам деп агып кеткенин айтып жатат. Бул каналдын эки тарабы быйыл эле тосулду. Өткөн жылы да 2 бала агып, айдоочулар куткарып калышкан», - деди А.Мирзаматова.

ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматынын башчысы Замирбек Эрмаматов, шаардагы бардык каналдар кооптуу экенине токтолду.

«Сууга түшүү мезгили башталгандан тартып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Шаардын ичиндеги баардык каналдарды коопсуз деп айта албайбыз, анткени суунун агымы тез. Мындан улам ата-энелерди балдарын көзөмөлгө алууга чакырып, сууга түшүрбөй эле коюуну суранабыз. Биздин жашоочулар сууга түшүүнүн дагы эрежелерин билишпейт. Айрымдары ичип келип алып, агып кетет. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Айрым ата-энелер балдарын карабай, өздөрүн сууга жөнөтүп коюшат», - деди З.Эрмаматов.

Өткөн жылы Ош шаары боюнча 18 адам сууга түшүп каза болгон. Алардын ичинен тогузу эркек киши болсо, төртөө аял, алтоо жаш балдар болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1542
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×