Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 13.06.2018 13:26

Ошто көп балалуу энелер сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-июнь күнү Ош шаарындагы көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды, деп маалымдайт мэрия.

Сыйлык алуучу энелер тиешелүү документтер топтолгондон кийин президент С.Жээнбековдун жарлыгы менен аныкталган болчу. Анын негизинде бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада 14 энеге «Баатыр эне» ордени жана 15 энеге «Эне даңкы» медалы тагылды. Жалпысынан Ош шаарында «Баатыр эне» наамын алган 700гө жакын эне, 300дөн ашуун «Эне даңкы» медалынын ээлери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×