Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Видео, фото — Жайлоого бараткан уйларды жүк ташуучу унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Боом капчыгайынын кире беришиндеги унаа жолдо өлгөн уйлар жатат. Окуяны күбөлөрдүн бири бүгүн, 13-июнда тасмага тартып алган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын АКИpress маалымат агенттигине берген маалыматына караганда, бодо малды Ысык-Көл облусунан Бишкекти көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Айдоочу унаанын тормозун басууга жетишпей калган. Ал эми уйларды чабан жайлоого айдап бара жаткан.

Учурда жүк ташуучу унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми өлгөн бодо малдардын так саны азырынча белгисиз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 31407
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×