Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Чүй

Айыл турмушу: Андижанда төрөлгөн Ү.Мыйзамов устачылыктын бардык түрүн Россиядан үйрөнүп келген (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылынын тургуну Үсөн Мыйзамов 16 жылдан бери устачылык менен эмгектенип келет. Ал мектепти бүткөн жылы эле Россияга барып, ал жерде 10 жылдай эмгектенген. Сокулуктук уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Үсөн Мыйзамов 1984-жылы Өзбекстандын Андижан облусунда төрөлгөн.

«5 жашымда ата-энем болуп Жалал-Абад облусуна көчүп келгенбиз. Сузактын Совхоз деген айылында чоӊойдум. Аталган айылдагы мектептен билим алып, 11-классты аяктаган жылы эле Россияга эмгектенгени кеткем. Алгачкы жылы жыгач устачылыкты үйрөндүм. Ал кезде түрктөр менен иштечүмүн. Алар менен жүрүп жыгач устачылыктын сырын үйрөндүм. Андан соӊ курулуштун бардык тармагында эмгектенип, универсал уста болуп чыктым. Тактап айтканда, устачылыкка эмне тиешелүү болсо баарын жасай алам. Ошентип, 2014-жылы Кыргызстанга келдим. Учурда Россиядан үйрөнгөн тажрыйбамды бул жакта бөлүшүп жатам», - деди ал.

Чебер уста үй бышкан кирпичтен курулса ден соолукка пайдалуу экендигин айтып берди.

«Үйдү курууда адамдын ден соолугун да караш керек. Ал үйдө бала-бакыраӊ менен жашайсыӊ. Мисалы, азыр курулуш материалдардын түрү чыкты. Мен уста катары алардын ичинен эӊ бышыгы, зыяны жоктугу менен айырмаланган бышкан кирпичти айтат элем. Азыр тез бүтүп, кирип кеткенге ылайыкташкан курулуш материалдар чыкты. Алар химикаттан жасалганы үчүн адамдын ден соолугуна терс таасирин бербей койбойт.

Мен негизи жумушту эӊ алгач сапаттуулугуна карайм. Андан кийин тез бүтүрүп бергенге аракет кылабыз. Биз бригадабыз менен чогуу бир чоӊ үйдүн пайдубалынан чатырына чейин 4 айда куруп бүтө алабыз. Келечекте 5-6 жыл устачылыкта эмгектенип, андан соӊ мал чарбаны көбөйтүп, ошол багытты өнүктүрүп-өстүрсөм деген оюм бар», - деди ал.

Куруучу үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

«Келинчегим экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. 2 кызды тарбиялап-өстүрүп келебиз. Өзүм болсо 4 бир туугандын үчүнчүсүмүн.

Биздин иш оор болгону менен күлкүлүү, шаӊдуу өтөт. Кээде кызыктай болгон кардарларга жолугабыз. Кээ бири жасаган эмгегиӊди баалап, абдан ыраазы болот. Кээси кылдан кыйкым издеп, ийненин көзөнөгүндөй кемчилик табууга аракет кылат. Алар башында жакшы сүйлөшүп, аягында заарын чачып, урушуп сүйлөшүп калышат. Адамдар ар түрдүү болот экен. Кээ бир кардардын үйүндө күлкүү-шаӊ коштоп, бактылуулук жанып турат. Алардын таасири бизге да тиет. Биздин да жүзүбүздө жылмаюу пайда болот.

Бир жолу айланма жол жактагы үйдү жасап калдык. Баштаганда алгач баалашып алдык. Муну бүтсөӊөр дагы башка жумуш бар деп калды. Баштай берели, башка жумушун көрөбүз деп ойлодук. Баарын бүткөндөн кийин экинчи жумуштун баасын бычышып жатсак, ал киши «силердин максат, башында үйгө эптеп эле кирип алыш керек турбайбы, андан кийин билгениӊерди кылат экенсиӊер» деди эле, баарыбыз күлүп жибердик. Көрсө ал киши бизди туура эмес түшүнүп алган экен. Биз ар бир жумушту өз-өзүнчө эсептешип, баасын чечерибизди айтып түшүндүрдүк», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 504
Көп окулду
×